МИҢ-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2012-жылдын 15-августу № 5
“Турдубаев Садымалыга кафе куруу үчүн жер берүү жөнүндө”
Депутаттардын Миң-Булак айылдык округдук кеңешинин V чакырылышынын жыйырма бешинчи сессиясы, жогорудагы айтылган маселени карап чыгып, талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- Миң-Булак айылынын тургуну Турдубаев Садымалыга Боо-Терек айылы жактан келе жаткандагы Талас-Тараз жолунун эки айрылышынын күн чыгыш тарабынан 0,10 га жер кафе куруу үчүн бөлүнүп берилсин.
Эгерде максатсыз пайдаланылса (кафе курулбай башка курулмалар курулса) жер кайрадан айыл өкмөтүнө кайтарылып алынсын.
- Жерге жеке менчик укугу тууралу күбөлүгүн даярдап берүү жагы Бакай-Ата райондук Мамкаттоосунан суралсын.
- Токтомдун аткарылышын козомолдоо жер жана агрардык маселелер боюнча комиссиясына жуктолсун.
Төрага | К.Кулукеев |