Редакцияот 23.12.2015
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

МИҢ-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

2015-жылдын 23-декабры № 2

“Чөлкөмдүк инспектордун отчетун угуу жөнүндө”

 Миң-Булак айылдык аймактык кеңешинин VI чакырылышынын отузунчу сессиясы, чөлкөмдүк инспектор А.Сабыркуловдун 2015-жылдагы аткарган иштери жөнүндөгү маселени угуп, карап чыгып, талкуулап

ТОКТОМ КЫЛАТ :

1.Чөлкөмдүк инспектор А.Сабыркуловдун 2015-жылдагы аткарган иштери канааттандыраарлык деп белгиленсин.

2.Мал уурулукка, зордук-зомбулукка каршы, балдар арасындагы кылмыштуулукка каршы дайыма иш жүргүзүлсүн.

 3.Токтомду аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Ж.Ормотоевге жүктөлсүн.

 

Төрага

Т.Койчубаев