Редакцияот 20.10.2016
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

МИҢ-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

2016-жылдын 20-октябры № 3

“Талас өнүктүрүү фондусуна “долбоорду тандоо” жөнүндө”

Миң-Булак айылдык аймактык кеңешинин VI чакырылышынын отуз жетинчи сессиясы, Талас өнүктүрүү фондусуна сунушталган конкурстук комиссиянын чечимин карап чыгып, талкуулап

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.Талас өнүктүрүү фондусуна Д.Батырбашиев атындагы Чалдовар мектеп гимназиясынын №2-корпусунун чатырын жылуулоо боюнча долбоор жактырылып бекитилсин.

2.Керектүү иш кагаздары даярдалып Талас өнүктүрүү фондусуна жөнөтүлсүн.

3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Ж.Ормотоевге милдеттендирилсин.

 

Төрага

Т.Койчубаев