Редакцияот 04.08.2016
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ОРО АЙЫЛДЫК КӨӉӨШИ

ТОКТОМ

2016-жылдын 4-августу № 02

«Участкалык шайлоо комиссиясынын курамына көрсөтүлгөн талапкерлер тууралуу маалыматтарды жана чогулуштун протоколдорун бекитүү жөнүндө»

Оро айылдык кеңешинин 9-чакырылышынын кезексиз 32-сессиясы каралган маселелерди талкуулап, тактап жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлчүлүктөрү сунуштаган талапкерлер жөнүндө маалыматтарды жана чогулуштун протоколдорун жетекчиликке алып,

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Участкалык шайлоо комиссиясынын курамына жергиликтүү өз алдынча башкаруу - органдарынын өкүлчүлүгүнөн сунушталган талапкерлер жөнүндө маалыматтар жана чогулуштун протоколдору бекитилсин.

2. Шайлоо комиссиясынын курамына сунушталган маалыматтар жана талапкерлерди көрсөткөн чогулуштун протоколдору Бакай-Ата аймактык шайлоо комиссиясына тапшырылсын. (сунушталган талапкерлердин тизмеси тиркелет)

 

Төрага

Б.Акматов