Редакцияот 15.02.2013
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАРА-БУУРА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

кезектеги VI чакырылышынын III сессиясы

2013-жылдын 15-февралы № 3

“Кара-Буура айыл аймагынын муниципиалдык менчиктин абалы тууралу”

Кара-Буура айылдык кеңешинин муниципиалдык менчик,айыл чарба,көрктөндүрүү жана жашылдандыруу комиссиясынын төрагасы Ж.Н.Кулманбетовдун Кара-Буура айыл аймагындагы муниципиалдык менчиктин абалы тууралуу баяндамасын угуп жана талкуулап

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.    Кара-Буура айыл өкмөтүнө Кара-Буура айыл аймагындагы муниципиалдык менчикти аныктап-тактап инвентаризация жүргүзүү,муниципиалдык менчиктин реестрин түзүү милдеттендирилсин.

2.    Кара-Буура айыл өкмөтүнүн түзүлгөн учурдан тартып жеке менчике арендага канча жер берилгендиги такталсын жана массалык маалымат каражаттарына жарыялансын.

3.    Кара-Буура айл аймагынын тереториясындагы парк зонасынан турак-жай,мамлекеттик же муниципиалдык имараттарды курууга тыйуу салынсын.

4.    Токтомдун аткарылышын көземөлдөө айылдык кеңештин муниципиалдык менчик, айыл чарба,көрктөндүрүү, жашылдандыруу комиссиясына жүктөлсүн.

 

Төрага

Н.С.Усупбеков