Редакцияот 25.10.2013
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАРА-БУУРА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

VI-чакырылышынын Х-сессиясы

2013-жылдын 25-октябры № 7

«Кара-Буура айыл өкмөтүнүн аймагындагы авариялык абалдагы бак-дарактарды кесүү женүндө»

Кара-Буура айылдык кеңешинин төрагасына жергиликтүү жашоочулардын кайрылуусунун негизин карап жана сунушун эске алуу менен

Кара-Буура айылдык кеңеши токтом кылат:

1. Кара-Буура айыл өкмөтүнүн аймагындагы имарат-жайларга коркунуч жаратып жана авариялык абалдагы өсүп турган бак-дарактарды кесип, жарамдуусу калтырылып, отун чырпыктары аз-камсыз болгон жергиликтүү жашоочуларга бекер таркатылып берилсин.

2. Аталган токтомдун аткаруу жагын көзөмөлдөө Кара-Буура айылдык кенешинин Муниципалдык менчик, айыл чарба жана көрктөндүрүү комиссиясына милдеттендирилсин.

 

Төрага

Н.С.Усупбеков