Редакцияот 22.01.2013
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЛЕНИНПОЛЬ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

VI – чакырылышынын 5 - сессиясы

2013-жылдын 22-январы № 1

« Бакай-Ата айыл окмотундо жургузулгон мал санакты тактоо учун контролдук санак жургузуу жонундо »

Ленинполь айылдык Кенешинин сессиясы Бакай-Ата айыл окмотундо 2013-жылдын 1-январына карата жургузулгон мал санакты тактоо максатында

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.    Бакай-Ата айыл окмотундо 2013-жылдын 1-январына карата бардык жеке менчик чарбаларда жургузулгон мал санактын аныктыгын жеринде тактоо учун контролдук санак жургузулсун.

2.    Контролдук санак жургузууго Бакай-Ата айыл окмотунун, жайыт комитетинин, ветеринардык сервистердин кызматкерлери тартылсын.

3.    Контролдук санак жургузууго кетуучу чыгымдарды болуштуруу жагы Бакай-Ата айыл окмотуно жуктолсун.

4.    Токтомдун аткарылышын козомолдоо жагы Бакай-Ата айыл окмотунун жооптуу катчысы Р.Сыдыковго жуктолсун.

 

Төрага

Н.Ширдаков