Редакцияот 17.05.2018
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АК-КЫЯ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

VI чакырылышынын кезексиз ХХI сессиясы

2018-жылдын 17-майы № 21/1

«Кочкор-Ормон-Хан автожолунун Бишкек-Нарын-Торугарт автожолу менен кесилишкен бөлүгүнө жасалма дөнсөөлөрдү орнотуу жөнүндө»

Кара-Суу айылынын тургундарынын атынан, айылдык Кенештин депутаты Ж.Орозбактиевдин кайрылуусун угуп жана талкуулап Ак-Кыя айылдык Кенеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кочкор-Ормон-Хан автожолунун Бишкек-Нарын-Торугарт автожолу менен кесилишкен бөлүгүнө жасалма дөнсөөлөр (лежачий полицейский) орнотулсун.

2. Бул токтомду аткарууга алуу жагы айыл өкмөт башчысы З.Исираиловго тапшырылсын.

 

Төрага

Р.Зарлыков