Редакцияот 24.08.2018
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АК-КЫЯ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

VI чакырылышынын кезексиз ХХIV сессиясы

2018-жылдын 24-августу № 25/1

 «Акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө»

 Айыл аймагынын Жаны-Жол айылындагы «М-Сакин апа» бала бакчасына өрт коопсуздугун алдын алуу боюнча керектүү каражаттарын алуу үчүн акча каражатын бөлүп берүү тууралуу бала бакчанын жетекчиси М.Сагалиеванын маалыматын угуп жана талкуулап Ак-Кыя айылдык Кенеши

Т О К Т О М К Ы Л А Т:

1.    «М-Сакин апа» бала бакчасына өрт коопсуздугун алдын алуу боюнча керектүү каражаттарын алуу үчүн 42000 (кырк эки мин) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.

2.    Акча каражатын которуп берүү жагы айыл өкмөт башчысы Т.Турдубековго тапшырылсын.

 

Төрага

Р.Зарлыков