Редакцияот 13.03.2010
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АКНАЗАРОВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

2010-жылдын 13-марты № 2

“Айыл округдук кеӊешинин 2010-жылга карата иш планын бекитүү жөнүндө”

Акназаров айыл округдук кеңешинин 2010-жылга аткара турган иштерин өз денгээлинде аткаруу максатында, Депутаттарынын Акназаров айыл округдук кеңешинин чакырылышынын кезектеги 11-сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Акназаров айыл округдук кеӊешинин 2010-жылга карата түзүлгөн иш-планы бекитилсин жана аткарууга алынсын.

2. Бекитилген иш-планындагы иштердин аткарылышы ар бир квартал сайын айыл округдук кеңештин кеңешмесинде талкууга алынсын.

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл округунун жооптуу катчысынын милдетин убактылуу аткаруучусу А.Токмолдоевге жүктөлсүн.

 

Төрага

Р.Рысматов