Редакцияот 15.12.2010
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АКНАЗАРОВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

2010-жылдын – 15 декабры № 4

“Бала бакчанын ремонт иштери жөнүндө”

Акназаров айыл округдук кенешинин 29-чакырылыштагы депутаттарынын кезексиз сессиясы, Кызыл-Октябрь айылындагы бала-бакчанын долбоордун негизинде журуп жаткан ремонт иштерин талкуулап

ТОКТОМ КЫЛАТ:

  1. Кызыл-Октябрь айылындагы бала-бакчанын долбоордун негизинде ремонт иштерин бүткөрүп жаткан “Асхад” ЖЧКсына ремонт иштерин бүткөрүүгө толук көзөмөл жүргүзүү үчүн долбоор жетекчиси Суеркулова Забирага 10 күндүк мөөнөт берилсин.
  2. Белгиленген мөөнөттө ремонт иши бүткөрүлбөсө Суеркулова Забира ишинен бошотулсун.
  3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл округунун убактылуу милдетин аткаруучусу О.Уметкуловго жүктөлсүн.

 

Төрага

Р.Рысматов