Редакцияот 15.12.2010
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АКНАЗАРОВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

2010-жылдын – 15 декабры № 5

“Бала бакчанын 2011-жылга карата чыгашалар сметасы жөнүндө”

Акназаров айыл округдук кенешинин 29-чакырылыштагы депутаттарынын кезексиз сессиясы, Кызыл-Октябрь айылындагы бала-бакчанын 2011-жылы ишке бериле тургандыгын эске алып,

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кызыл-Октябрь айылындагы бала-бакчанын 2011-жылга карата чыгашалар сметасы даярдалып, республикалык бюджеттен суроо үчүн Кыргыз Республикасынын каржы министрлигине жөнөтүлсүн.

2. Сметаны даярдоо жагы айыл округунун ФЭБ башчысы Т.Жанкорозовага тапшырылсын.

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл округдук кеңештин финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

Төрага

Р.Рысматов