Редакцияот 15.12.2010
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АКНАЗАРОВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

2010-жылдын – 15 декабры № 7

“Өзгөчө кырдаалдар маселеси боюнча адис жөнүндө”

Акназаров айыл округдук кенешинин 29-чакырылыштагы депутаттарынын кезексиз сессиясы, айыл округунун аймагында озгочо кырдаалдар маселеси боюнча адистин айлык акысын чечуу боюнча талкуулап

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.    Акназаров айыл округунун аскер-учеттук столунун улук кызматкери Толоев Гамзатка өзгөчө кырдаалдар адистиги жүктөлсүн жана 2010-жылдын декабрь айы үчүн 0,5 ставка айлык акы каралсын.

2.    Толоев Гамзаттын кошумча айлык акысын эсептеп, төлөп берүү жагы айыл округунун финансы-экономикалык бөлүмүнө тапшырылсын.

3.    Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл округдук кеӊештин финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

Төрага

 Р.Рысматов