Загрузка документа…
КУМ-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 1-ноябры № 24/6
“Айыл аймагындагы айылдардын айыл башчыларынын иштеген иштери жөнүндө”
Депутаттардын VI чакырылышынан шайланган Кум-Дөбө айыл аймагынын айылдык кеңешинин депутаттары, айыл аймагындагы айылдардын айыл башчылары Н.Акматовдун, М.Дүйшөналиевдин, Н.Көчөровдун, М.Жумалиевдердин маалыматтарын угуп жана талкуулап, депутаттардын Кум-Дөбө айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Кум-Дөбө айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу айылдардын айыл башчылары 2018-жылы аткарып келген иштери, 2017-жылында “Сан-Хе” фирмасынан бөлүнүп берилген каражаттардын туура пайдаланылышынын маалымдуулугу жөнүндө так берилбегендиги, социалдык инфраструктураны жакшыртуу, көрктөндурүү- жашылдандырууда бир кыйла кемчиликтер кеткендигин эске алуу менен төмөндөгүдөй баа берилсин.
-Шамшы айылынын айыл башчысы Н.Көчөров бөлүнүп берилген каражатты туура пайдалануу. Коомдук иштерге активдүү катышып келгендиги, жашылдандыруу- көрктөндүрүү иштерине жаңы социалдык объектилерине өз убагында көзөмөлдүк кылып келгендиги үчүн иштеген иши “Канааттандыраарлык” деп табылсын.
-Кум-Дөбө айылынын айыл башчысы М.Жумалиев бөлүнүп берилген каражаттарды туура пайдалануу, коомдук иштерге, жашылдандыруу- көрктөндүрүү иштерине, жаңы социалдык объектилерине өз убагында көзөмөлдүк кылып келгендиги үчүн иштеген иши “Канааттандыраарлык” деп табылсын.
-Бугучу айылынын айыл башчысы Н.Акматов бөлүнүп берилген каражаттарды туура пайдаланууда, депутаттарга берген маалыматтарды туура эмес так эсеби жоктугу, коомдук иштерди өз убагында аткарбай келгендигин эске алып, кийинки сессияга чейин мөөнөт берүү жагы эскертилсин.
-Ак-Жар айылынын айыл башчысы М.Дүйшөналиев бөлүнүп берилген каражаттарды туура пайдаланууда, депутаттарга берилген маалыматтардын туура эместиги, коомдук иштерди так аткарбагандыгын эске алуу менен кийинки сессияга маалымат берүү жагы эскертилсин.
2. Жогорудагы айылдардын айыл башчылары, ЖПБнин төрагасы К.Жукешов, салык инспекторлору менен бирдикте жайыт салыгын чогултуп 15-ноябрга чейин бүткөрүү жагы тапшырылсын.
3. Быйылкы жылы алыскы жайлоолорго көчүрүүдө, калып калган малчыларга, ички жайлоолорго күздөп келүүдө бир топ келтирилген кемчиликтерди жоюу, ноябрь айынын аягына чейин малдарды санап, тактап берүү жагын айыл башчылар Н.Акматовго, Н.Көчөровго, М.Дүйшөналиевге, М.Жумалиевдерге, ЖПБнин төрагасы К.Жукешовго милдеттендирилсин.
4. Жыл аягына чейин айтылган сын-пикирлерден жыйынтык чыгарылбаса административдик чара көрүлөөрүн эскертемин.
5. Токтомдо жазылган кемчиликтерди аткарып, көзөмөлдүк кылуу жагы айыл өкмөт башчысы М.Асанбаевге, ФЭБ башчысы Б.Тажиевге милдеттендирилсин.
Төрага | А. Өмүров |