Загрузка документа…
КУМ-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 1-ноябры № 24/8
“Кум-Дөбө айылынын “Ардактуу атуулу” наамына көрсөтүп берүү жөнүндө”
Депутаттардын VI чакырылышынан шайланган Кум-Дөбө айыл аймагынын айылдык кеңешинин депутаттары, айылдын “Ардактуу атуулу” наамына көрсөтүү жөнүндө айылдык кеңешинин депутаттары Э.Токушов, А.Өмүров, С.Абакиров, К.Ыбышовдордун жана айыл өкмөтүнүн сунуштарын угуп жана талкуулап, депутаттардын Кум-Дөбө айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кум-Дөбө айыл аймагынын айылдык кеңешинин депутаттарынын жана айыл өкмөт башчысы М.Асанбаевдин сунушун угуп, айыл өкмөтүнө караштуу Шамшы айылынын “Ардактуу атуулу” наамына төмөндөгүлөр көрсөтүлсүн.
1. Токушова Жаңыл
2. Казыбеков Асылбек
3. Мыктыбеков Бердибек
2. Кум-Дөбө айыл аймагынын айылдык кеңешине сунушталып, көрсөтүлгөн “Ардактуу атуулу” наамынын төш белгисин, күбөлүктөрүн жасатып берүү айыл өкмөт башчысына милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу айылдык кеңештин маданият, этика, мыйзамдуулукту, коомдук тартипти сактоо жана адамдардын укугун кароо боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | А.Өмүров |