Загрузка документа…
КУМ-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 1-ноябры № 24/9
“Ак-Жар айылындагы жаңы курулган спорт ордосуна ат коюу жөнүндө”
Депутаттардын VI- чакырылышынан шайланган Кум-Дөбө айыл аймагынын айылдык кеңешинин депутаттары, Ак-Жар айылынын жалпы элдик жыйынынын протоколу жана токтому менен тааныштырып, Кум-Дөбө айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кум-Дөбө айыл өкмөтүнө караштуу Ак-Жар айылындагы аймактарды өнүктүрүү жылына карата жаңы курулуп бүткөн спорт ордосуна Ак-Жар айылынын жалпы элдик жыйынынын протоколун, токтомун канааттандырып, Ак-Жар айылындагы жаңы бүткөн спорт ордосуна “Дыйкан уулу Иманалы” атындагы ысымы берилсин.
2. Жаңы бүткөн спорт ордосунун атын “Дыйкан уулу Иманалы” деп жазылып, тактаны илдирип, орнотуу жагы Ак-Жар айылынын Иманалиев Бейшенбек атындагы орто мектебинин директору Ж.Көчөкбаевге тапшырылсын.
3. Жогорудагы токтомдун аткарылышы Кочкор райондук мамлекеттик каттоо башкармалыгынан, Нарын облустук юстиция башкармалыгынан каттоодон өткөрүү жагы Ак-Жар айыл башчысы М.Дүйшөналиевге милдеттендирилсин.
Төрага | А.Өмүров |