Загрузка документа…
КУМ-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 1-ноябры № 24/10
“Жаштарды жумушчу орун менен камсыз кылуу жөнүндө”
Депутаттардын VI чакырылышынан шайланган Кум-Дөбө айыл аймагынын айылдык кеңешинин депутаттары, айыл өкмөтүнүн башчысы М.Асанбаевдин 29-октябрь 2018-жылдагы № 176 буйругунун негизинде, жаштарды жумушчу орун менен камсыз кылуу, чакан ишканаларды ачуу, ички киреше салыктарын көбөйтүү жөнүндө маалыматын угуп жана талкуулап, депутаттардын Кум-Дөбө айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айыл аймагында стратегиялык жана инвестицияларды тартуу боюнча түзүлгөн 5 жылдык планына, ар бир айылдарда балык өстүрүүгө ыңгайлуу шарты келген жерлерди, мыйзам чегинде бөлүнүп берилсин.
2. Балык өстүрүүгө берүү чакан ишканаларды ачууга жерлерди берүү үчүн айыл өкмөтүндө түзүлгөн комиссиясы тарабынан берилсин.
3. Жогоруда бериле турган жерлерди 1 жыл ичинде өз максатында туура пайдаланбаса жана аткарылбаса рекультивация болуп, айыл өкмөтүнө кайтарылсын.
4. Бул токтомдун аткарылышына көзөмөлдүк кылуу айылдык кеңешинин туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | А.Өмүров |