Загрузка документа…
АК-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 17-октябры № 1
“Ак-Суу айыл аймагындагы №2 А.Осмонбеков, №12 К.Шеркулов мектептеринин жана Таң-Шооласы балдар бакчасынын билдирүүлөрүн кароо жөнүндө”
Ак-Суу айылдык кеңешинин бюджет боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Д.Шадыкановдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап Ак-Суу айылдык кеңеши:
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ак-Суу айыл аймагындагы №2 А.Осмонбеков мектебине 50000 сом, №12 К.Шеркулов мектебине 5000 сом, Таң-Шооласы балдар бакчасына 10000 сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
2. Ак-Суу айыл аймагындагы №2 А.Осмонбеков, №12 К.Шеркулов мектебине жана Таң-ооласы балдар бакчасына акча каражатын бөлүп берүү айыл өкмөтүнүн башчысы У.Качыбкеовго милдеттендирилсин.
3. Ак-Суу айыл аймагынын айылдык Кеңешинин ушул токтому, Ак-Суу айыл аймагынын айыл Өкмөтүнүн www.aksuu.biz.kg расмий веб-сайтына жарыялансын.
4. Ак-Суу айыл аймагынын айылдык Кеңешинин ушул токтому, Ак-Суу айыл аймагынын айыл Өкмөтүнүн расмий веб-сайтына жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
5. Аталган токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы жооптуу катчы С.Мамытовго жүктөлсүн.
6. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ак-Суу айылдык кеңешинин төрагасынын орун басары К.Төрөкуловго милдеттендирилсин.
Төрага | Т.Эшалиев. |