Загрузка документа…
АК-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 17-октябры № 2
“Ак-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы У.Качыбековдун 2018-жылдын 9 айында аткарган иштери боюнча отчётун угуу жөнүндө”
Ак-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы У.Качыбековдун 2018-жылдын 9 айында аткарган иштери боюнча отчётун угуп жана талкуулап Ак-Суу айылдык кеңеши:
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ак-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы У.Качыбековдун 2018-жылдын 9 айында аткарган иштери боюнча отчёту “канааттандырарлык” деп табылсын.
2. Ак-Суу айыл аймагынын айылдык Кеңешинин ушул токтому, Ак-Суу айыл аймагынын айыл Өкмөтүнүн www.aksuu.biz.kg расмий веб-сайтына жарыялансын.
3. Ак-Суу айыл аймагынын айылдык Кеңешинин ушул токтому, Ак-Суу айыл аймагынын айыл Өкмөтүнүн расмий веб-сайтына жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
4. Аталган токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы жооптуу катчы С.Мамытовго жүктөлсүн.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ак-Суу айылдык кеңешинин төрагасынын орун басары К.Төрөкуловго милдеттендирилсин.
Төрага | Т.Эшалиев |