Загрузка документа…
АК-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 17-октябры № 5
“Ак-Суу айыл аймагындагы көмүр казган ишканалардын ишин мыйзам ченемдүү иш алып баруусун текшерүү үчүн атайын депутаттык комиссия түзүү жөнүндө”
Ак-Суу айыл аймагындагы көмүр казган ишканалардын ишин мыйзам ченемдүү иш алып баруусун текшерүү үчүн атайын депутаттык комиссия түзүү жөнүндө айылдык кеңештин төрагасынын орун басары К.Төрөкуловдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап Ак-Суу айылдык кеңеши:
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ак-Суу айыл аймагындагы көмүр казган ишканалардын ишин мыйзам ченемдүү иш алып баруусун текшерүү үчүн атайын депутаттык комиссия түзүлсүн. (комиссиянын курамы тиркелет)
2. Ак-Суу айыл аймагынын айылдык Кеңешинин ушул токтому, Ак-Суу айыл аймагынын айыл Өкмөтүнүн www.aksuu.biz.kg расмий веб-сайтына жарыялансын.
3. Ак-Суу айыл аймагынын айылдык Кеңешинин ушул токтому, Ак-Суу айыл аймагынын айыл Өкмөтүнүн расмий веб-сайтына жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
4. Аталган токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы жооптуу катчы С.Мамытовго жүктөлсүн.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ак-Суу айылдык кеңешинин төрагасынын орун басары К.Төрөкуловго милдеттендирилсин.
Төрага: Т.Эшалиев
Ак-Суу айылдык кеңешинин
VII чакырылышынын Х сессиясынын № 5 токтомуна
тиркеме
Ак-Суу айыл аймагындагы көмүр казган ишканалардын ишин мыйзам ченемдүү иш алып баруусун текшерүү үчүн атайын түзүлгөн депутаттык комиссиянын курамы:
1. Төрөкулов Калдарбек-комиссиянын төрагасы.
2. Добулбеков Турат-мүчөсү.
3. Шадыканов Дүйшөналы-мүчөсү.
4. Чокоев Мүзүралы-мүчөсү.
5. Акматов Нуралы-мүчөсү.
6. Чоконбаев Керималы-мүчөсү.
7. Төрөкулов Кенжебек-мүчөсү.
8. Ыманкулов Рахманберди-мүчөсү.
9. Бекибаев Бактыбек-мүчөсү.