Загрузка документа…
АК-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 17-октябры № 6
“Ак-Суу айыл өкмөтүнүн Мор-Булак калктуу конушунун тургундарынын электр энергиясы боюнча кайрылуусун кароо жөнүндө”
Ак-Суу айыл өкмөтүнүн Мор-Булак калктуу конушунун тургундарынын электр энергиясы боюнча кайрылуусун угуп жана талкуулап Ак-Суу айылдык кеңеши:
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Мор-Булак калктуу конушунун жашоочуларынын кайрылууларын карап чыгуу менен айылга жарык берүүгө коюлган электр трансформаторду оңдотуп айылга электр энергиясын берүү менен бирге айыл өкмөтүнө берилген жеңилдиктерине негиз айылдын тургундарына электр энергиясын эсептөө жагы сунушталсын.
2. Айылдын аба чубалгыларын жана электр трансформаторун айыл өкмөтүнүн балансына кабыл алуу жагы Ө. Атакуловго милдеттендирилсин..
3. Ак-Суу айыл аймагынын айылдык Кеңешинин ушул токтому, Ак-Суу айыл аймагынын айыл Өкмөтүнүн www.aksuu.biz.kg расмий веб-сайтына жарыялансын.
4. Ак-Суу айыл аймагынын айылдык Кеңешинин ушул токтому, Ак-Суу айыл аймагынын айыл Өкмөтүнүн расмий веб-сайтына жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
5. Аталган токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы жооптуу катчы С.Мамытовго жүктөлсүн.
6. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ак-Суу айылдык кеңешинин төрагасынын орун басары К.Төрөкуловго милдеттендирилсин.
Төрага | Т.Эшалиев |