Загрузка документа…
АК-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 17-октябры № 7
“Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруулардын союзуна мүчөлүк акы төлөө жөнүндө”
Ак-Суу айылдык кеңешинин бюджет боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Д.Шадыкановдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап Ак-Суу айылдык кеңеши:
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруулардын союзуна мүчөлүк акы катары 6700 сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
2. Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруулардын союзуна мүчөлүк акы катары төлөөнүчү акча каражатын бөлүп берүү айыл өкмөтүнүн башчысы У.Качыбековго милдеттендирилсин.
3. Ак-Суу айыл аймагынын айылдык Кеңешинин ушул токтому, Ак-Суу айыл аймагынын айыл Өкмөтүнүн www.aksuu.biz.kg расмий веб-сайтына жарыялансын.
4. Ак-Суу айыл аймагынын айылдык Кеңешинин ушул токтому, Ак-Суу айыл аймагынын айыл Өкмөтүнүн расмий веб-сайтына жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
5. Аталган токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы жооптуу катчы С.Мамытовго жүктөлсүн.
6. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ак-Суу айылдык кеңешинин төрагасынын орун басары К.Төрөкуловго милдеттендирилсин.
Төрага | Т.Эшалиев |