Загрузка документа…
АК-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 17-октябры № 8
“Ак-Суу айылдык кеңешинин депутаты С.Мамытовдун арызын кароо жөнүндө”
Ак-Суу айылдык кеңешинин депутаты С.Мамытовдун башка кызматка өткөндүгүнө байланыштуу депутаттык мандатын токтотуу жөнүндө жазган арызын айылдык кеңештин депутаттары, талкуулап Ак-Суу айылдык кеңеши:
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ак-Суу айылдык кеңешинин депутаты С.Мамытовдун башка кызматка өткөндүгүнө байланыштуу депутаттык ыйгарым укугу токтотулсун.
2. Бул токтомду бекитип берүү жагы аймактык шайлоо комиссиясынан суралсын.
3. Ак-Суу айыл аймагынын айылдык Кеңешинин ушул токтому, Ак-Суу айыл аймагынын айыл Өкмөтүнүн www.aksuu.biz.kg расмий веб-сайтына жарыялансын.
4. Ак-Суу айыл аймагынын айылдык Кеңешинин ушул токтому, Ак-Суу айыл аймагынын айыл Өкмөтүнүн расмий веб-сайтына жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
5. Аталган токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы жооптуу катчы С.Мамытовго жүктөлсүн.
6. Бул токтомду жетекчиликке алуу айылдык кеңештин төрагасы Т.Эшалиевден суралсын.
Төрага | Т.Эшалиев |