Загрузка документа…
НАЗАРАЛИЕВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 17-октябры № 10/1
“Үч-Коргон айыл аймагындагы Соц. обьектердин кышка карата даярдыгы жөнүндө”
Назаралиев атындагы айылдык Кенешинин VII чакырылышынын кезектеги 10- сессиясы
Үч-Коргон айыл аймагындагы Соц. обьектердин кышка карата даярдыгы жөнүндө күн тартибиндеги 1-маселени угуп жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2018-2019-жылдарда социалдык обьектердин кышка карата даярдыгы кемчиликтери менен канааттандырарлык деп белгиленсин.
2. Жогорудагы кемчиликтерди 2018-жылдын 7-ноябрына чейин бүтөрүү жагы айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
3. Р.Сөлпүев орто мектебине бөлүнгөн акча каражатынан артып калган суммасына эшиктерди алмаштыруу айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.
4. Мектептердеги жылытуу системасына кошумча электр кыймылдаткычтар менен камсыз кылуу айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.
5. Балдар бакчасын жылытуу жагын борборлоштурулган жылытуу системасына өткөрүү боюнча 2019-жылдын бюджетине сунуш киргизсин .
6. Соц. обьектердин кышка даярдыгы боюнча орун басардын билдирүүсү кийинки сессияда угулсун.
7. Жыл-Кол айылындагы дыйкан чарбага тиешелүү болгон имарат Айыл Өкмөтүнүн балансына өткөрүлүп берилсин.
8. Айылдык ооруканага 2019-жылга суу мунарасын куруп берүү жагы айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.
Төрага | А.Эшалиев |