Загрузка документа…
НАЗАРАЛИЕВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 17-октябры № 10/2
“Үч-Коргон айыл өкмөтүнүн юристи А.Ташбаевдин кайрылуусу б-ча а/өкмөттүн № 47/1 токтомунун аткарылышы жана Өзбек Республикасына көчүп кеткен жарандардын жер үлүштөрү жөнүндө”
Назаралиев атындагы айылдык Кеңешинин VII-чакырылышынын кезектеги 10-сессиясы күн тартибиндеги 2-маселеси Үч-Коргон айыл өкмөтүнүн юристи А.Ташбаевдин кайрылуусу боюнча айыл өкмөттүн № 47/1 токтомунун аткарылышы жана Өзбек Республикасына көчүп кеткен жарандардын жер үлүштөрү жөнүндө угуп жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Үч-Коргон айыл аймагындагы № 47/1 жер улушкө берүү жөнүндөгү токтомундагы 3 жылга ижарага алган атуулдар тиешелүү ижара акыларын төккөндүгү тууралу квитанциялары болсо жерлери кийинки жылга минималдык ижара акы төлөө менен пайдаланууга берилсин.
2.Эгерде төлөмдөрү жок болуп чыкса жерлери мамалекеттик фондко кайтарылсын жана ошол жерлерди ижарага берүүнүн шарттарын айыл өкмөт сессияга сунуштасын .
3. Өзбек Республикасына көчүп кеткен атуулдардын жерлерин тактоо үчүн айыл өкмөтүндө жумушчу топ түзүлсүн жана жумушчу топтун жыйынтыгы сессияда каралсын.
Төрага | А.Эшалиев |