Загрузка документа…
КЫШТУТ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 10-октябры № 54
"Кыштут айыл өкмөтүнүн Согмент айылындагы «Жаңы-Жылдыз» мектепке чейинки билим берүү уюмуна кошумча тайпа ачууга макулдук берүү жөнүндө"
Кыштут айыл өкмөтүнүн Согмент айылындагы «Жаңы-Жылдыз» мектепке чейинки билим берүү уюмунун кошумча тайпа ачууга макулдук берүү жөнүндө арызын угуп жана кеңири талкуулап Кыштут айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыштут айыл өкмөтүнүн Согмент айылындагы «Жаңы-Жылдыз» мектепке чейинки билим берүү уюмуна кошумча тайпа ачууга макулдук берилсин.
2. Кыштут айыл өкмөтүнүн Согмент айылындагы «Жаңы-Жылдыз» мектепке чейинки билим берүү уюмуна кошумча тайпа ачып берүү жагы Баткен райондук билим берүү бөлүмүнөн суралсын.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кыштут айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.
Төрага | А.Зикиров |