Редакцияот 07.05.2018
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АК-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

VI чакырылышынын кезексиз 10- сессиясы

2018-жылдын 7-майы № 70

«Ак-Суу айыл өкмөтүнүн фронтальный погрузчик тракторун иштетүү жөнүндө»

Ак-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы А.Халмуратов Ак-Су айылөкмөтүнө АРИСтин ПРЖР-2 долбоорунун алкагында Жайыт комитета аркылу Lovol FL 953 маркасындагы фронтальный погрузчик трактору сатып алынып, айыл өкмөтүнүн ,балансына кириштелгендигин жана Жайыт комитетине 2018-жылдын 1 -март күнү эки тараптуу келишимдин негизинде 10 жылга берилгендигин маалымдап фронтальный погрузчикти иштетүү үчүн Жайыт комитети тарабынан сунушталган тарифти бекитип берүү тууралуу сунушту карап чыгып, Ак-Суу айылдык Кеңешинин депутаттарынын VI-чакырылышынын кезексиз 10-сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ

1. Ак-Суу айыл өкмөтү менен жайыт комитетинин ортосунда фронтальный погрузчик техникасын пайдалануу тууралуу түзүлгөн келишими жактырылсын.

2. Ак-Суу Жайыт комитетинин төрагасы Ы.Жумабаевдин фронтальный погрузчик техникасын иштетүү үчүн сунушталган тарифи тиркемеге ылайык бекитилсин.

3. Ушул токтомду аткарууну көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы А.Халмуратовго калтырылсын.

 

Төрага

А.Саматов