Загрузка документа…
ЖАҢЫ-НООКАТ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 18-апрели № 2
“Жаңы-Ноокат айыл ѳкмѳтγндѳ кызмат кѳрсѳтγγнγн уюштуруу стратегиясын жана стратегиянын иш жγзγнѳ ашыруу боюнча Жоболорду бекитγγ жѳнγндѳ”
Стратегия муниципалитеттин туруктуу ѳнγгγсγнγн ишке ашыруу механизимдеринин бири болуп эсептелет. Ал жергиликтγγ деңгээлде кызмат кѳрсѳтγγлдѳрдγ уюштуруу маселелерине тиешелγγ болот. Алар белгилγγ бир ресурстар менен бекемделип,алдыга коюулган маселелерди чечγγ боюнча иш-аректтерге кѳрсѳтмѳлѳр берилет. Эрежеге ылайык,жергиликтγγ ѳз алдынча башкаруу органынын уюштуруу γчγн жоопкерчилик алган кызмат кѳрсѳтγγ Ѳнγктγрγγ программасын ишке ашыруунун соңкγ жыйынтыгы болуп эсептелет. Ушул Стратегия кызмат кѳрсѳтγγлѳр чѳйрѳсγн уюштуруу γчγн башкаруучулук чечимдерди кабыл алуусуна негизделет жана бекитилген Жоболорду негизинде иш жγзγнѳ ашырылат. Инфраструктуралык ѳндγрγштγк-чарбалык мγнѳздѳгγ иш-арекеттерди караштырбайт.
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтγγ ѳз алдынча башкаруу жѳнγндѳ” Мыйзамына таянып Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин кезектен тышкаркы сессиясынын отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жаңы-Ноокат айыл ѳкмѳтγндѳ кызмат кѳрсѳтγγнγн уюштуруу стратегиясы жана Жоболору бекитилсин
2. Кызмат кѳрсѳтγγнγн уюштуруу стратегиясынын тизмегинде кѳрсѳтγлгѳн жумуштарды аткаруу боюнча иш-чараларды ѳз убагында бекитилген Жоболордун негизинде аткарылышы камсыз кылуу жагы Жаңы-Ноокат айыл ѳкмѳтγнѳ тапшырылсын.
3. Токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ жагы айылдык кеңештин мыйзамдуулук боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | А Имамов |
Жаны-Ноокат айылдык аймагынын
айылдык кеңешинин
2018-жылдын «18» апрелинин
№ 2 токтому менен бекитилди
КЫЗМАТ КӨРСӨТҮҮЛӨРДҮ УЮШТУРУУ СТРАТЕГИЯСЫ
ЖАНЫ-НООКАТ АЙЫЛДЫК АЙМАГЫ
НООКАТ РАЙОНУ
ОШ ОБЛУСУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫ
1. Киришүү
Стратегия муниципалитеттин Туруктуу өнүгүүсүнүн Стратегиясынын (ТӨС) ишке ашыруу механизмдеринин бири болуп эсептелет. Ал жергиликтүү деңгээлде кызмат көрсөтүүлөрдү уюштуруу маселелерине тиешелүү болот. Жергиликтүү жамааттын артыкчылыктуу маселелери калктан түшкөн структурага салынган суроо-талаптар жана каалоо-тилектери түрүндө ТӨС да чагылдырылат. Алар белгилүү бир ресурстар менен бекемделип, алдыга коюлган маселелерди чечүү боюнча иш-аракеттерге көрсөтмөлөр берилет. Эрежеге ылайык, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары уюштуруу үчүн жоопкерчилик алган кызмат көрсөтүү Өнүктүрүү программасын ишке ашыруунун соңку жыйынтыгы болуп эсептелет.
Ушул Стратегия кызмат көрсөтүүлөр чөйрөсүн уюштуруу үчүн ЖӨБ органдарынын башкаруучулук чечимдерди кабыл алуусуна негизделет жана инфраструктуралык, өндүрүштүк-чарбалык мүнөздөгү иш-аракеттерди караштырбайт. Стратегия төмөнкүдөй жыйынтыктарга жетүүгө жардам берет:
1. Жарандар алардын суроо-талаптарына жана күтүүлөрүнө негизделген сапаттуу, туруктуу кызмат көрсөтүүгө жетет.
2. ЖӨБ органдары кызмат көрсөтүүлөрдү эң эффективдүү ыкма менен жеткирүү процессин уюштура алышат – азыраак чыгым менен максималдуу жыйынтыкка жетет.
3. Кызмат көрсөтүүлөрдү жеткирип берүүчүлөр ЖӨБ органдары менен өз ара пайдалуу келишимдерди түзүп, кызмат көрсөтүүнү аткаруу үчүн түшүнүктүү эрежелерди алышат, туруктуулук үчүн негиз пайда болот.
Кызмат көрсөтүүлөрдү уюштуруу этаптарын ырааттуу аткаруу Кенеш айылдык аймагында кызмат көрсөтүүлөр чөйрөсүн өнүктүрүүгө көмөктөшөт.
2. Стратегиянын максаттары жана милдеттери.
Кызмат көрсөтүүнү уюштуруу стратегиясынын максаты – Жаны-Ноокат айыл аймагында жогорку сапаттагы жана азыраак чыгымдар менен кызмат көрсөтүүнүн натыйжалуу системасын камсыздоо.
Коюлган максатка жетүү үчүн төмөндөгү милдеттер аткарылды:
1) Кызмат көрсөтүүнү уюштуруу стратегиясын иштеп чыгуу жана ишке ашыруу боюнча туруктуу иштеген жумушчу топ түзүлдү.
2) Кызмат көрсөтүүнүн приоритеттүү түрлөрү Жаны-Ноокат айылдык аймагынын 2013-2017 жылдарга Туруктуу өнүгүүсүнүн стратегиясына ылайык аныкталды, аларды уюштуруусу жана жакшыртуусу ушул Стратегия аныктады.
3) Учурдагы абалга талдоо жүргүзүүлдү.
4) Кызмат көрсөтүүлөрдү уюштуруунун натыйжалуу методдорунун жолдору аныкталды.
5) Стратегияны ишке ашырууга мониторинг жана баалоо жүргүзүү системасы иштелип чыкты.
3. Жумушчу комиссиянын курамы.
Кызмат көрсөтүүлөрдү уюштуруу боюнча жумушчу топ Жаны-Ноокат АӨ башчысынын 2017-жылдын 23-ноябрында № 165 - буйругунун негизинде түзүлдү.
Жумушчу комисссиянын курамы:
№ | Ф А А
| Жасаган иши/Ээлеген кызмат оорду | Байланыштар |
1 | Хайдаралиев Махамадали | АӨ башчысынын орун басары, Жумушчу комиссиянын жетекчиси
| 0555-11-42-71 |
2 | Ниязалиева Толгонай | АӨ жооптуу катчысы, Жумушчу комиссиянын жетекчисинин орун басары
| 0777-69-16-76 0558-63-63-61 |
3 | Худайназаров Абдирахман | Социалдык сектор башчысы | 0555-05-00-72 |
4 | Моминов Муйдинжон | ИСКАКБ жетекчиси | 0555-80-88-61 |
5 | Сабиров Маматюсуп | айыл башчы | 0550-74-33-65 |
6 | Яйлапов Абдувахаб | айыл башчы | 0551-31-55-85 |
7 | Корганова Самида | бала бакча жетекчиси | 0554-28-37-00 |
8 | Матисманов Акжол | айыл башчы | 0773-17-84-83 |
9 | Эргашев Эргашали | АӨ жер адиси | 0550-54-58-01 |
10 | Бакыев Султанали | СПА жетекчиси | 0558-00-04-05 |
11 | Акйолов Нурмухаммад | АӨ IT адиси | 0772-83-61-22 0558-66-08-07 |