Редакцияот 15.11.2018
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ТАШ-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

VI-ЧАКЫРЫК КЕЗЕКСИЗ ХVI - СЕССИЯСЫ

2018-жылдын 15-ноябры № 01

“ Таш-Булак айыл өкмөтүнө караштуу мамлекеттик фондунун жерлерин ижарага аукцион аркылуу берүүдөгү башталгыч бааларды бекитүү жөнүндө”

Таш-Булак айыл өкмөтүнүн жер адиси А.Раевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап

 ТАШ-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.Таш-Булак айыл өкмөтүнө караштуу Кулбайлуу участкасындагы:

№10-контурдагы 21,5га шарттуу сугат жердин башталгыч баасы-3000 сом,

№18-контурдагы 40,0га шарттуу сугат жердин башталгыч баасы-3500 сом,

№440-контурдагы 7,0га шарттуу сугат жердин башталгыч баасы-3000 сом,

№459-контурдагы 17,0га шарттуу сугат жердин башталгыч баасы-3000 сом.

№2-контурдагы 24,0га сугат жердин башталгыч баасы 4500 сом.

2. Шаалы эгилуучу жер аянттарынын башталгыч баасы 8000сом.

3. Кайракы айдоо жер аянттарынын башталгыч баасы 800сом

4. Чөп-орок аянттарынын башталгыч баасы 600сомдон кылып белгиленсин.

5.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын Таш-Булак айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.

 

Төрага

Шермат уулу Алмаз