Редакцияот 28.04.2018
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАРА-ОЙ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

XXVII – ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН КЕЗЕКТЕГИ ОН БИРИНЧИ СЕССИЯСЫ

2018-жылдын 28-апрели № 04

«Кара-Ой айыл аймагынын «Апалардан алтын сабак» жамаатынын Уставын бекитүү жана кайра каттоодон ѳткѳрүү жөнүндө»

Кара-Ой айыл аймагынын «Апалардан алтын сабак» жамаатынын жетекчиси Р.Мамытованын маалыматын угуп жана талкуулап чыгып, Кара-Ой айылдык Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.    Кара-Ой айыл айматынын «Апалардан алтын сабак» жамаатынын Уставы №1 тиркемеге ылайык бекитилсин.

2.    Кара-Ой айыл айматынын «Апалардан алтын сабак» жамаатынын Юстиция башкармалыгынан кайра каттоодон өткөрүлсүн.

3.    Кара-Ой айыл айматынын «Апалардан алтын сабак» жамааты, Ысык-Кѳл облустук Юстиция башкармалыгынан мамлекеттик кайра каттоодон ѳткѳрүү жагы, Кара-Ой айыл айматынын «Апалардан алтын сабак» жамаатынын жетекчиси Р.Мамытовага милдеттендирилсин.

4.    Айылдык кеңешинин чечимин аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кара-Ой айыл ѳкмөтүнүн башчысы К.Тюлегеновго тапшырылсын.

 

Төрага

Б.У. Усенбеков