Загрузка документа…
БУДАЛЫК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 3-марты № 17 \3
“Будалык айыл өкмөтүнө караштуу Жайыт пайдалануучулардын бирикмесинин 2018-2022-жылдарга карата орто мөөнөттүү планын бекитүү жөнүндө
Будалык айыл өкмөтүнө караштуу Жайыт пайдалануучулардын бирикмесинин 2018-2022-жылдарга карата орто мөөнөттүү планы менен таанышып,
Будалык айылдык кенешинин 6 чакырылышынын кезексиз 17 заседаниеси
Т О К Т О М К Ы Л А Т:
1. Будалык айыл өкмөтүнө караштуу Жайыт пайдалануучулардын бирикмесинин 2018-2022-жылдарга карата орто мөөнөттүү планы бекитилсин(тиркелет)
2. Будалык айыл өкмөтүнө караштуу Жайыт пайдалануучулардын бирикмесинин 2018-2022-жылдарга карата орто мөөнөттүү планы боюнча иш жүргүзүп, жайыттарды туура пайдалануу боюнча иш жүргүзүлсүн.
3. 4.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы тийиштүү туруктуу комиссияга милдеттендирилсин.
Төрага | С.Рахматов |
Будалык айылдык
кеңешинин
депутаттарынын сессиясында
2018-жылдын “____” _____________
Токтомуна тиркеме
КИРИШҮҮ
Будалык айыл аймагындагы Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин (ЖПБ) Жайыт комитети тарабынан иштелип чыккан Жайыттарды башкаруу жана пайдалануу боюнча жамааттын планы (ЖБПЖП) Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин жалпы чогулушунда жайыт пайдалануучулар, айыл өкмөтү жана башка кызыкдар тараптар, анын ичинде Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин Алай райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыгы менен 2018-2022 жылдардын мезгилине макулдашылган.
Кыргыз Республикасынын жайыттар боюнча колдонуудагы ченемдик укуктук актыларына ылайык, ЖБПЖП жергиликтүү кеңештин сессиясында да каралып чыгып, бекитилген жана Жайыт комитети менен жайыттарды башка максаттарга пайдалануу боюнча тийиштүү келишимдерди түзгөн бардык жайыт билетин алуучулар жана башка физикалык жана юридикалык жактар тарабынан аткарылышы милдеттүү түрдө талап кылынат.
Пландын биринчи бөлүгүндө Будалык айыл аймагынын географиялык жайгашышы, табигый-климаттык шарттары, калктуу конуштары (айылдары) жана калкы, жер ресурстары жөнүндө жалпы маалымат берилген.
Жайыттарды башкаруу жана пайдалануу, малдардын ден соолугун коргоо жана жайыттарды башкарууну жана пайдаланууну жакшыртуу жана мал чарбасын өнүктүрүү жаатындагы жергиликтүү потенциалды күчөтүү боюнча беш жылдык жана жылдык пландар ЖБПЖПнын негизги бөлүгү болуп саналат.
Документтин жыйынтыктоочу бөлүгүндө ЖБПЖПнын жүзөгө ашырылышына жана жыйынтыктарына мониторинг жүргүзүү жана баа берүү боюнча кеңири план чагылдырылган.
Негизги пландын ажырагыс бөлүгү болуп эсептелген деталдуу чакан долбоордук сунуштар, айыл аймактын профайлы (паспорту), жайыт участокторунун абалына баа берүүнүн жыйынтыктары, ж.б.у.с. материалдар планга тиркелген.
Ушул ЖБПЖП келечектеги орто мөөнөттүү жана кыска мөөнөттүү көрүнүштө жалпысынан жайыттарды башкарууну жана пайдаланууну, малдардын ден соолугун коргоону жана малды тоюттандырууну жакшыртуу аркылуу мал чарбачылыгын өнүктүрүүдө жергиликтүү калктын кирешелерин көбөйтүүгө багытталган.
2.ЖАЛПЫ МААЛЫМАТ
2.1. Географиялык орду, климаты, айылдары жана калкы
Будалык айыл аймагы Алай районунун борбордук бөлүгүндө жайгашкан.
Будалык айыл аймагынын климаты негизинен кескин континенталдуу климаттарга кирет. Июнь айындагы абанын орточо температурасы + 15,8 +25,5°C, Эң суук күндөр январь айына туш келет -14,7 – 22,5°C ке чейин. Өтө ысык аба ырайы июль айында күтүлөт.
Будалык А/А беш айыл бар. Будалык айылы айыл аймактын административдик борбору болуп саналат
Калктын жана түтүндөрдүн саны тууралуу маалымат
1-таблица
2-таблица
Иш чөйрөсү | 2018г. |
Мал чарбачылык | 97 |
Дыйканчылык | 2 |
Кызмат көрсөтүү чөйрөсү (соода, ж.б.) | 1 |
БАРДЫГЫ: | 100% |
2.2. Жер ресурстары
Айыл аймагындагы жайыт жерлерди кошкондо жер ресурстарынын жалпы аянты 28542 гектарды түзөт. Төмөнкү 3-таблицада айыл чарба жерлеринин категориялар
боюнча аянты көрсөтүлгөн. 3 таблица
2.3. Жайыт пайдалануучулар бирикмеси (ЖПБ) жөнүндө кыскача маалымат
Кыргыз Республикасынын “Жайыттар жөнүндө” мыйзамы кабыл алынгандан кийин, Будалык А/А аймагында жайыт пайдалануучулардын демилгеси менен жана Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарына ылайык, аткаруу органы – жайыт комитети, ал эми Жайыт пайдалануучулар бирикмеси - Аймактык коомдук өз алдынча башкаруу органы катары катталган.
4-таблица
Юридикалык дареги: | Ош облусу, Алай району, Будалык айылы. |
Эсептешүү эсеби: | № БИК 129042 ОКПО26566180 |
Жеке идентификациялык номери: | 03001201010303 |
Мамлекеттик каттоодон өткөндүгү тууралуу күбөлүк: | 110299-3306-Уе. |
Башкаруу структурасы: | Ø Жогорку башкаруу органы – ЖПБ мүчөлөрүнүн жалпы чогулушу Ø Текшерүү-көзөмөлдөө органы – Текшерүү комиссиясы Ø Аткаруучу орган – Жайыт Комитети. |
Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы менен Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин ортосундагы жайыттарды башкаруу жана пайдалануу жөнүндө келишим (№ жана күнү) же Жергиликтүү кеңештин жайыттарды башкаруу жана пайдалануу боюнча өзүнүн ыйгарым укуктарын Жайыт пайдалануучуларга өткөрүп берүү жөнүндө протоколу (№ жана күнү) | №5/37142 16-октябрь 2017-жылкы келишимдин негизинде ЖПБ га бекитилип берилген. |
2018-жылда жайыт билеттерин алган жайыт пайдалануучулардын тизмеси |
|