Редакцияот 02.04.2018
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЧОЛПОН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Кенешинин VI чакырылышынын кезексиз ХӀӀӀ сессиясы

2018-жылдын 02- апрели № 13/4

“Чолпон айыл аймагын айыл өкмөтүнүн 2018-жыл ичинде 200 000 (эки жүз миң) сом акча каражатын кайра бөлүштүрүү жөнүндө”

Чолпон айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы- башкы эсепчи А. Усубалиевдин билдирүүсүн айылдык Кеңешинин депутаттары Т. Токтомушев жана М. Коомановдун сунуштарын угуп, талкуулап “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 20, 31-статяларына ылайык Депутаттардын Чолпон айыл аймагынын айылдык Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.    Бош калган каражаттан бала бакчага эмерек жана жабдуу алуу үчүн долбоор жазылып, долбоор 100 000-00 (жүз миң) сом акча каражаты каралган, бирок проект жактырылбай калгандыгына байланыштуу 100 000-00 (жүз миң) сом акчаны бала бакча бөлүгүнөн 3112-берененсинен мектеп бөлүгүнүн 2221-беренесинен;

У. Малтабаров орто мектебинин жылытуучу системасынын суу айдоочу механизмин (насосу) жаңыртууга 15000-00 (он беш миң) сом.

Аппарат бөлүгүнүн 2215-беренесинен 17 800-00 (он жети миң сегиз жүз) сом Тармал-Саз участогунун картасын чийдирүүгө.

Райондук архивке 2014-2015-2016-жылдар аралыгындагы документтерди өткөрүүгө жана сактоого 10 500-00 (он миң беш жүз) сом.

Оро-Башы, Узун-Булак айылдарынын картасын чийдирүүгө 5600-00 (беш миң алты жүз) сом.

Көчө жарыгына уруксаат алууга (тех шат) 51 100-00 (элүү бир миң бир жүз) сом.

Эпкин айылындагы маданият үйүнө эмерек жана жабдуу алуу үчүн долбоор 100 00-00 (жүз миң) сомго жазылып, жактырылбай калгандыгына байланыштуу, Эпкин айылындагы таза суунун резерварын оңдоо үчүн маданият бөлүгүнүн 3112-беренесинен аппарат бөлүгүн 2222-беренесинен 100 000-00 (жүз миң) сомду которуп берүүңүздөрдү суранам.

Бардыгы 200 00-00 (эки жүз миң) сом

2.    Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу өкмөт башчысы А. Карбозовго жана финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы башкы эсепчи А. Усубалиевге милдеттендирилсин

 

Төрага

Ч. Женишбеков