Загрузка документа…
ЧОЛПОН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 23- апрели № 14/2
“Муниципалдык кызматтардын кошумча тизмесинин стандарттарын бекитүү жөнүндө”
Муниципалдык кызматтарды көрсөтүү боюнча маалыматтын ачыктыгын жана жалпыга жеткиликтүүлүгүн арттыруу, жрандарга жана юридикалык жактарга муниципалдык кызмат көрсөтүүнүн сапатын жакшыртуу максатында, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамынын, “Мамлекеттик жана муниципалдык кызматтар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамынын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кызмат көрсөтүү жаатындагы ченемдик укуктук актыларынын негизинде Депутаттардын Чолпон айыл аймагынын айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Муниципалдык кызматтардын кошумча тизмеси жана көргөзүлгөн кызматтардын стандарты бекитилсин (№1 жана №2 тиркеме).
2. Кызмат көрсөтүүгө конкурс өткөрүү тартиби жөнүнджобо бекитилсин.
3. Биргелешкен мониторинг жана баалоо тобунун (БМжБТ) жобосу бекитилсин.
4. Кызматкөрсөтүүлөрдү эсептөө тартиби жөнүндө типтүү жобо бекитилсин.
5. Аталган токтомКыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигинин www.gamsumo.gov.kg веб-сайтына жарыялансын.
6. Аталган токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Чолпон айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
7. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Чолпон айылдык Кенешинин төрагасына милдеттендирилсин.
Төрага: Ч. Женишбеков
Чолпон айыл Кенешинин VI-чакырылышынын
2018-жылдын 26-апрелинин №14/2 токтомуна №1 тиркеме
Муниципалдык кызматтардын кошумча тизмеси:
№ | Кызматтын аталышы | Кызматты стандартташтырууга жооптуу орган | Муниципалдык кызматты аткаруучунун аталышы | Көрсөтүүнүн шарттары (акы төлөнүүчү же акысыз) тейлөө кызматы |
Кочкор району, Чолпон АО, Нарын облусу | ||||
1. | 1 июнь, 9 май, афгандар, ЧАЭС,баткенчилер,майыптар, карылар, энелер кундору жана жылда, аз камсыз уй-булоодогу, жетим, тоголок жетим балдарга жана карыларга жардамберуу. | Айыл өкмөтү | Чолпон айыл өкмөтү | Акысыз |
2. | Аз камсызүй-бүлөөдөгү ден-соолугунан мүнкүнчүлүгү чектелген адамдарды кышкы мезгилге көмүр менен камсыздоо. | Айыл өкмөтү | Чолпон айыл өкмөтү | Акысыз |
3. | Аз камсызжалгыз бой кары адамдарды, согуштун ветерандарын зарыл азык тулук продуктусу жана дары дармек менен камсыздоо. | Айыл өкмөтү | Чолпон айыл өкмөтү | Акысыз |
4. | Томолой жетимдерге материалдык жардам көрсөтүү. | Айыл өкмөтү | Чолпон айыл өкмөтү | Акысыз |
5. | Аз камсыз, коп балалуу уй-булоодогу балдарга, өзгөчө муктаждыктарга ээ болгон балдарга (ДМЧА) жана жалан беш баасына окуган окучуларга ата-энесинин арызынын негизинде кезектоо шарты менен жайкы эс алуулагерине жолдомоменен камсыздоо. | Айыл өкмөтү | Чолпон айыл өкмөтү | Акысыз |
6. | Аз камсыз болгонүй-бүлөөлөргө сөөк койууда отун жагынан жана башка жардамдардыберүү. | Айыл өкмөтү | Чолпон айыл өкмөтү | Акысыз |
7. | Ден-соолугунан мумкунчулугу чектелуубалдарга майыптар кунуно белектердитапшыруу. | Айыл өкмөтү | Чолпон айыл өкмөтү | Акысыз |
8. | Көпбалалуужалгыз бой энелерге кышкы мезгилге жыгач отунменен камсыздоо. | Айыл өкмөтү | Чолпон айыл өкмөтү | Акысыз |
9. | Жалгыз бой кары адамдарды, 16 жашкачейинки 5 баласы бар аз камсызүй-бүлөөлөрдүжана жетимбалдарды кышкы мезгилде көмүрменен камсыз кылуу. | Айыл өкмөтү | Чолпон айыл өкмөтү | Акысыз |
10. | Спорттук беттештердин жана мектеп олимпиадаларынын катышуучуларынын транспорттук чыгымдарын каржылоо. | Айыл өкмөтү | Чолпон айыл өкмөтү | Акысыз |
11. | Үй – бүлөнүн курамы жөнүндө тактама берүү. | Айыл өкмөтү | Чолпон айыл өкмөтү | Акысыз |
12. | Тоголок жетимбалдарга мектепформасы менен камсыз кылуу. | Айыл өкмөтү | Чолпон айыл өкмөтү | Акысыз |
13. | Чарбадагы малдын саны жана түрү жөнүндөгү тактама (аныктама). | Айыл өкмөтү | Чолпон айыл өкмөтү | Акысыз |
14. | Муниципалдык ишкананын иштеп кетишине айылөкмөт тарабынан жардам көрсөтүү (субсидия). | Айыл өкмөтү | Чолпон айыл өкмөтү | Акысыз |
15. | Социалдык тармакка тиешелүүмаселелер. | Айыл өкмөтү | Чолпон айыл өкмөтү | Акысыз |
16. | Кесиптик майрамдар (мугалимдер күнү, медицина кызматкерлер күнү, куралдуу күчтөр күнү, финансы, бухгалтер, налог кызматкерлер күнү, соц.кызматкеркүнү, айылчарба кызматкерлер күнү ж.б кесиптик даталуу күндөр). | Айыл өкмөтү | Чолпон айыл өкмөтү | Акысыз |
Айыл Кенештин төрагасы Жеңишбеков Ч.А.
Катчысы: Шабаева А. С.
Тиркеме № 2
Чолпон айылдык аймагынын
айылдык кеңешинин
2018-жылдын 26-апрель
№14/2токтому менен бекитилди
Кызмат көрсөтүүгө конкурс өткөрүүнүн тартиби жөнүндө
I. Жалпы жоболор
1. Конкурс өткөрүү жөнүндө жобо «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларына ылайык иштелип чыккан.