Редакцияот 23.11.2018
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АРАЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

VII-чакырылышынын кезексиз XIV сессиясы

2018-жылдын 23-ноябры № 127

“Айылдык Кеңештин токтомдорунун аткарылышы боюнча

Айылдык Кеңештин токтомдорунун аткарылышы боюнча айыл өкмөтүнүн башчысынын билдирүүсүн угуп жана талкуулап чыгып, Депутаттардын Арал айылдык Кеңешинин VII-чакырылышынын кезексиз XIV–сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.    Айылдык Кеңеш тарабынан ушул мезгилге чейин кабыл алынган токтомдор негизинен аткарылгандыгы белгиленсин.

2.    Аткарылбаган төмөндөгү токтомдор көзөмөлгө алынсын . Алар:

-Кичи футбол аянтынын жана бала бакча курулушунун кошумча курулуштарын толук бүткөрүү боюнча Нураков Уланга кат жолдоо жагы белгиленсин.

-Чоң-Боздогу жер участокторун тактап чыгуу жагы көзөмөлгө алынсын;

3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Арал айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.

 

Төрага

Н.Т.Асанов