Редакцияот 23.11.2018
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АРАЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

VII-чакырылышынын кезексиз XIV сессиясы

2018-жылдын 23-ноябры № 125

“2018-жылдын бюджетинде колдонулбай турган акча каражатын пайдалануу жөнүндө”

Арал айыл өкмөтүнүн каржы -экономика бөлүмүнүн башчысы Г.Изабаеванын 2018-жылдын бюджетинде колдонулбай турган акча каржатын пайдалануу жөнүндөгү сунушун угуп жана талкуулап чыгып, Депутаттардын Арал айылдык Кеңешинин VII-чакырылышынын кезексиз XIV–сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.    2018-жылдын бюджетинде колдонулбай турган акча каржатын айыл өкмөтүнүн аймагында төмөндөгүдөй жумуштарды аткарууга жана иш-чараларды өткөрүүгө жумшалсын. Алар:

- Бюжеттин 3111 –статьясында каралаган 724 миң сом маданият үйүн ремонтуна бөлүнгөн өздүк салым үчүн бөлүнгөн акча каржатынын 53500 сому маданият үйүн ремонттоо үчүн смета түзүүгө;

- 23000 сому жайыт комитетинин АРИС ке өткөн долбоорлорунун өздүк салымына жетпеген акча каражатын толуктоого;

- 18 миң сому айылдагы Кулуш мечитине 420 метр электр чубалгысы менен камсыздоого жумшалсын.

2. 2018-жылдын бюджетинде каралган жайыт комитетинин бюджетинин үчтөн бир бөлүгүн түзгөн 48500 сому жайыт комитетинин АРИС тарабынан каржыланган долбоорлоруна жумшалсын.

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Арал айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.

 

Төрага

Н.Т.Асанов