Редакцияот 23.11.2018
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АРАЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

VII-чакырылышынын кезексиз XIV сессиясы

2018-жылдын 23-ноябры № 124

“2017-жылдан ашкан эркин каражатты пайдалануу жөнүндө”

Арал айыл өкмөтүнүн каржы -экономика бөлүмүнүн башчысы Г.Изабаеванын 2017-жылдан ашкан 149,3 миң сом эркин каражатты пайдалануу жөнүндөгү сунушун угуп жана талкуулап чыгып, Депутаттардын Арал айылдык Кеңешинин VII-чакырылышынын кезексиз XIV–сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.    2017-жылдан ашкан 149,3 миң сом эркин каражаты айыл өкмөтүнүн аймагында төмөндөгүдөй жумуштарды аткарууга жана иш-чараларды өткөрүүгө жумшалсын. Алар:

- 70444 сомду айыл аймагындагы эки мектепти, бала бакчаны , айыл өкмөтүнүн кеңсесин жана кичи футбол аянтын түнкү жарыктандырууга лабораториялык изилдөө жүргүзүү үчүн;

- 24500 сому айыл аймагына курулуп жаткан кой мончонун АПУ жана долбооруна;

- 25000 сому республикалык деңгээлде өткөн “Көчмөндөр оюну” иш-чарасынын уюштуруу маселесине;

- 29400 сому Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдык мааракесине барып катышуу үчүн уюштуруу иш-чараларына жумшалсын.

2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Арал айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.

 

Төрага

Н.Т.Асанов