Редакцияот 04.04.2018
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АБДРАХМАНОВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

XXVII- чакырылышынын кезектеги XII сессиясы

2018-жылдын 4-апрели № 20

 «Жайыт комитетинин бюджетин бекитүү жөнүндө»

Айыл Кеӊешинин XXVII -чакырылышынын XII-сессиясынын күн тартибине коюлган жайыт комитетинин бюджетин бекитүү маселеси боюнча Өмүрканов Тариелдин баяндамасын угуп,төмөндөгүдөй

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.Жайыт комитетинин 2018-жылга бюджети төмөндөгүдөй бекитилсин:

 Бюджеттин киреше бөлүгү: 200 миӊ сом

Чыгаша бөлүгү: 200 миӊ сом болуп бекитилсин.

2.Жайыт комитетинин жайыт үчүн жыйналган акча каражатынын айыл өкмөтүнө бөлүнүүчү 1/3 бөлүгү толугу менен жайыт комитетинин бюджетине которулсун.

3.Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Өмүрканов Тариель Туратбековичке милдеттендирилсин.

4.Токтомдун аткарылышына финансы,бюджет жана инвестиция тартуу комиссиясы көзөмөл кылсын.

 

Төрага

А.А.Исмаилов