Редакцияот 14.06.2018
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АБДРАХМАНОВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

XXVII- чакырылышынын кезектеги XIII- сессиясы

2018-жылдын 14-июну № 23

«Ж.Мамыткановдун ысымын спорт комплексине ыйгаруу жөнүндө»

Айыл кеңешинин XXVII - чакырылышынын кезектеги XIII-сессиясынын күн тартибине коюлган маселе боюнча талкууга коюлуп,айтылган сунуш пикирлерди эске алып төмөндөгүдөй:

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.Жаркынбаев айылындагы К.Маматов орто мектебинин спорт комплексине Кыргыз Республикасынын ардактуу атуулу,Ысык-Көл районунун ардактуу атуулу,спорттун чебери,КРнын спортунун ардагери, Крнын билим берүүсүнүн отличниги,ардагер Ж.М.Мамыткановдун ысмы ыйгарылсын. 

2.Токтом райондук ММКна жарыялансын.Облустук юстиция башкармалыгынан каттоодон өткөрүлсүн.

 

Төрага

А.А.Исмаилов