Редакцияот 16.10.2018
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

БЕКМОЛДО АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

7-чакырылышынын кезексиз сессиясы

2018-жылдын 16-октябры № 113

“Бекмолдо айыл өкмөтүнүн башчысы К.Молдобековдун жазган кайрылуусун кароо жөнүндө”

Бекмолдо айыл өкмөтүнүн жазган кайрылуусун карап жана талкуулап чыгып, Бекмолдо айылдык Кенешинин кезексиз сессиясы

Т О К Т О М  К Ы Л А Т :

 1. Бекмолдо айыл өкмөтүнүн башчысы К.Молдобековдун жазган кайрылуусу канааттандырылсын.

2. Ч.Айтматовдун туулган күнүн 90 жылдыгына карата иш чара уюштуруу үчүн 50 000 (элүү мин ) сом акча каражаты 2017-жылдан ашыкча калган акчанын эсебинен бөлүнүп берилсин.

3.Бул токтомдун аткаруу жагы Бекмолдо айыл өкмөтүнөн башчысы К.Молдобековго милдеттендирилсин.

 

Төрага

А.Ибраимов