Редакцияот 28.08.2013
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

БОО-ТЕРЕК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

2013-жылдын 28-августу № 3

Боо-Терек айыл өкмөтүнүн 2012 жылдын жыйынтыгы менен чыгашадан ашкан кирешеден түшкөн 9000 сомду чыгымдоо жөнүндө

 

Боо-Терек айылдык аймактык кеңешинин ХХХ-чакырылышындагы кезексиз X-сессиясы айыл өкмөтүнүн тургуну Атамкулов Догдурбектин арызын карап ФЭБ башчысы А. Мамбетованын сунушун, карап талкуулап

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Терек айыл өкмөтүнүн 2012 жылдын жыйынтыгы менен чыгашадан ашкан кирешеден түшкөн 9000 сом акча каражаты 2013-жылдын 28-июнундагы ХХХ-чакырьшышындагы кезексиз IX-сессиясынын № 10 токтомунун негизинде Мыктыбеков Арзыматка берилбей калган себебинен, Боо-Терек айылынын Туйтун көчөсүнүн уландысында жайгашкан жаңы курулган турак жайлар үчүн электр чубалгысын тартууга жумшалсын.

2. Токтомдун аткарылышын камсыздоо жагы Боо-Терек айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы Мамбетовага жүктөлсүн.

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык аймактык кеңешинин бюджеттик комиссиясына тапшырылсын.

 

Төрага

А. Кубанычбеков