Редакцияот 23.08.2013
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

БОО-ТЕРЕК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

2013-жылдын 23-августу № 4

Боо-Терек айылынын жайгашкан жайыт комитетинин кайрылуусу: анда "Билайн" байланыш түйүнүнүн станциясы жайыг жерде орнотулгандыгы, эч кандай келишими жок жана ижара акысын төлөбөгөндүгү жөнүндө

 

Боо-Терек айылынын аймактык кеӊешинин XXX- чакырылышынын кезексиз X - сессиясы, Боо-Терек айылынын аймагында жайгашкан жайыт комитетинин кайрылуусу: анда жайыт комитетинин 2009 - жылы уюшулганына карабастан, менчик жер күбөлүгү алгандан тартып келишим түзүлсүн 2012 - жылдын 12 -февралынан баштап, жана ижара акы 5000 сомдон кем болбосун жөнүндөгү кайрылуусун угуп жана талкуулап.

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. "Билайн" байланыш түйүнүнүн жетекчилиги менен келишим түзүлсүн.

2. Ижара акы 5000 - сомдон кем болбосун, себеби Талас областы боюнча Боо-Терек айлынын калкынын саны көп.

3. Токтомду аткаруу жагы Боо-Терек айылынын аймагынын жайыт комитетинин жетекчиси У.А.Барпыбековго жүктөлсүн

 

Төрага

А. Кубанычбеков