Редакцияот 13.12.2013
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

БОО-ТЕРЕК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

2013-жылдын 13-декабры № 8

Д. Дуйшебаев орто мектебине көмөкчү чарбасына жер аянтын бөлүп берүү жөнүндө

 

Боо:Терек айылдык аймактык кеңешинин XXX- чакырылышынын кезектеги XII сессиясы Боо-Терек айыл өкмөтүнүн жер адисинин милдетин аткаруучу И.Кермалиевдин сунушун угуп, талкуулап

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1 .Боо-терек айыл аймагында жайгашкан № 226 контурдан 2 (эки) га жер аянты Д.Дуйшебаев орто мектебине көмөкчү чарба катарында бөлүнүп берилсин.

2. Токтомдун аткарылышын камсыздоо жер адисинин милдетин аткаруучу И.Кермалиевге милдеттендирилсин.

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин жер жана агрардык маселелер комиссиясына тапшырылсын.

 

Төрагасынын орун басары

Э. Бейшебаев