Редакцияот 10.02.2014
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

БОО-ТЕРЕК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

2014-жылдын 10-февралы № 1

Боо-Терек айылынын имамы Н.Сыйдалиевдин арызы жөнүндө

 

Боо-Терек айылдык аймактык кеңешинин XXX- чакырылышынын кезектеги XIV -сессиясы Боо-Терек айылынын имамы Н.Сыйдалиевдин мечитке 2 га суугат айдоо жер аянтын бөлүп берүү жөнүндө жазган арызын карап , талкуулап

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Боо-Терек айылынын мечитинин керектелүүчү иштерине жардам иретинде мечитке № 881 контурдан женилдетилген шарт менен 2 га суугат айдоо жер аянты бөлүнүп берилсин.

2.Токтомдун аткарылышын камсыздоо айыл өкмөтүнүн жер комиссиясына жүктөлсүн, көзөмөлдөө жагы айылдык кенештин жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

Төрага

Э.А. Бейшебаев