Редакцияот 10.02.2014
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

БОО-ТЕРЕК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

2014-жылдын 10-февралы № 3

Боо-Терек айылынын "Ден-соолук" комитетинин арызы жөнүндө

 

Боо-Терек айылдык аймактык кеңешинин XXX- чакырылышынын кезектеги XIV -сессиясы Боо-Терек айылынын '"Ден-соолук" комитетинин арызын 1 га суугат айдоо жер аянтын бөлүп берүү жөнүндө арызын карап, талкуулап

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Боо-Терек айылынын "Ден-соолук" комитетинде айлык маянасы жок иштеп жаткан 16 (он алты) айымга жардам иретинде № 427 контурдан "Кара-Жыгач" массивинен бир жылга 1га айдоо жер аянты бөлүнүп берилсин.

2. Токтомдун аткарылышын камсыздоо айыл өкмөтүнүн жер комиссиясына жүктөлсүн, көзөмөлдөө жагы айылдык кенештин жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

Төрага

Э.А. Бейшебаев