Редакцияот 10.02.2014
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

БОО-ТЕРЕК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

2014-жылдын 10-февралы № 8

Боо-Терек айылынын Д.Дуйшебаев атындагы орто мектептин кайрылуусу жөнүндө

 

Боо-Терек айылдык аймактык кеңешинин XXX- чакырылышынын кезектеги XIV -сессиясы Боо-Терек айылынын Д.Дуйшебаев атындагы орто мектептин кайрылуусун карап, талкуулап

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Боо-Терек айылынын Д.Дуйшебаев атындагы орто мектебине чарбалык жумуштарына жардам катары "Кара-Жыгач" массивинен бир жылга 2га сугат айдоо жер аянты болүнүп берилсин.

2. Токтомдун аткарылышын камсыздоо айыл өкмөтүнүн жер комиссиясына жүктөлсүн. көзөмөлдөө жагы айылдык кенештин жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

Төрага

Э.А. Бейшебаев