Редакцияот 08.07.2014
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

БОО-ТЕРЕК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

2014-жылдын 8-июлу № 5

Боо-Терек айыл өкмөтүнүн жайыт комитетинин 2014-жылга бюджетин бекитүү жөнүндө

 

Боо-Терек айылдык кеңешинин XXX- чакырылышынын кезектеги XIX -сессиясы Боо-Терек айыл өкмөтүнүн жайыт комитетинин төрагасы У. Барпыбековдун маалыматын угуп талкуулап

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Боо-Терек айыл өкмөтүнүн жайыт комитетинин 2014-жылга каралган бюджети толуктоо өзгөртүүлөрү менен бекитилсин.

2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы бюджет маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

Төрайымы

А. Алымкулова