Редакцияот 26.02.2018
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАДАМЖАЙ ШААРДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Кадамжай шаардык кеңешинин III чакырылышынын кезексиз он тогузунчу сессиясы

 

2018-жылдын 26-февралы № 68

Кадамжай өндүрүштүк пайдалануучу коммуналдык турак-жай чарбасы муниципалдык ишканасын “Кадамжай - Тазалык” жана “Кадамжай суу канал” ишканалары кылып экиге бөлүүгө макулдук берүү жөнүндө

 

Кадамжай шаардык кеңешинин каржы, бюджет, пландоо жана экономиканы өнүктүрүү маселелери жана жер, курулуш жана транспорт маселелери боюнча туруктуу комиссияларынын сунушун карап жана талкуулап, Кадамжай шаардык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кадамжай өндүрүштүк пайдалануучу коммуналдык турак-жай чарбасы муниципалдык ишканасы “Кадамжай – Тазалык” жана “Кадамжай суу канал” ишканалары болуп экиге бөлүнүүгө макулдук берилсин.

2. “Кадамжай – Тазалык” жана “Кадамжай суу канал” ишканаларынын Уставтары алымча-кошумчасы менен бекитилсин.

3. Токтомдун аткарылышы Кадамжай шаарынын мэри Б.Бегалиевке тапшырылсын.

4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык кеңештин каржы, бюджет, пландоо жана экономиканы өнүктүрүү маселелери жана жер, курулуш жана транспорт маселелери боюнча туруктуу комиссияларына жүктөлсүн.

 

Төрага

А. Абдраимов