КАДАМЖАЙ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кадамжай шаардык кеңешинин III чакырылышынын кезексиз жыйырманчы сессиясы
2018-жылдын 16-июлу № 71
Кадамжай шаарындагы түнкү жарыткычтарды үнөмдүү жарыткычтарга алмаштыруу жөнүндө
Кадамжай шаардык кеңеши шаардык кеңештин каржы, бюджет, пландоо жана экономиканы өнүктүрүү жана жер, курулуш жана транспорт боюнча туруктуу комиссияларынын сунуштарын карап, талкуулап чыгып
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Түзүлгөн сметанын негизинде шаардагы түнкү жарыткычтарда үнөмдүү жарыткычтарга алмаштырууга 511 041 миң сом сарпталат, анын ичинен 300 000 миң сом Кадамжай райондук өнүктүрүү фондунан суралсын, өздүк салым 211 041 сом жергиликтүү бюджеттен ажыратылып берилсин.
2. Токтомдун аткарылышы Кадамжай шаарынын мэри Б.Бегалиевке тапшырылсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык кеңештин жер, курулуш жана транспорт боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | А. Абдраимов |