Редакцияот 09.08.2018
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАДАМЖАЙ ШААРДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Кадамжай шаардык кеңешинин III чакырылышынын кезексиз жыйырма үчүнчү сессиясы

 

2018-жылдын 9-августу № 83

Кадамжай шаардык жайыт пайдалануучулар бирикмесинин кайрылуусу жөнүндө

 

Кадамжай шаардык кеңеши шаардык мэриянын 2018-жылдын 9-августундагы 1-310 сандуу катын жана шаардык кеңештин каржы, бюджет, пландоо жана экономиканы өнүктүрүү боюнча туруктуу комиссиясынын сунушун карап, талкуулап

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кадамжай шаардык жайыт пайдалануучулар бирикмесине жайыт жерлерин тейлөөчү атайын техника ( 3 м 3 жүк жүктөгүч трактор) алуу үчүн түзүлгөн келишимде көрсөтүлбөй калган 50 000 сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.

2. Токтомдун мыйзам чегинде аткарылышы Кадамжай шаарынын мэри Б.Бегалиевке тапшырылсын.

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык кеңештин каржы, бюджет, пландоо жана экономиканы өнүктүрүү боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

Төрагасынын орун басары

У. Шамшиев