Редакцияот 20.04.2018
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КӨК-МОЙНОК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

2018-жылдын 20-апрели № 5

Балыкчы шаарынын алдындагы «Көрктөндүрүү жана санитардык тазалоо» муниципалдык ишканасынын мүрзөгө жер бөлүп берүү боюнча кайрылуусун кароо жөнүндө

 

Көк-Мойнок айыл аймагынын Кеӊешинин депутаттарынын сөздөрүн угуп жана талкуулап, Көк- Мойнок айыл аймагынын айыл Кеӊеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Балыкчы шаарынын алдындагы «Көрктөндүрүү жана санитардык тазалоо» муниципалдык ишканасынын мүрзөгө жер бөлүп берүү боюнча кайрылуусуна макулдук берилсин.

2. Көк-Мойнок айыл аймагынын “Боз-Бармак” участкасынан № 232 контурдан христиан көрүстөнүнүн түштүк –чыгыш тарабынан мусулман көрүстөнү үчүн 30,0 га жайыт жер аянтын бөлүп берүү боюнча иш алып баруу жагы Көк-Мойнок айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.

3. Мусулман көрүстөнүнө бөлүнүп бериле турган жер аянтынын максаттык багытын өзгөртүп берүү Тоӊ райондук мамлекеттик администрациясынан суралсын.

 

Төрага

Джодаев А.Б